"Кыргыз Туусу", "Эркин Тоо", "Слово Кыргызстана" гезиттери, "Ала Тоо" адабий жана "Байчечекей" балдар журналы жайгашкан имараттын капиталдык оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
"Бул жай 1931-жылы курулуп, ишке берилген экен. Көп убакыттан бери эскилиги жетип, эч кандай оңдоо көргөн эмес. Учурдагы абалы адам чыдап иштегис эле. Бул маселеге президентибиз көңүл буруп, капиталдык оңдоодон өткөрүү жумушу башталды. Бүтсө, заман талабына ылайык шарттар түзүлөт",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.