Биз социалдык тармакта

Бишкекте кибер алдамчылыкка шектелген жигит кармалды

Борбор калаада кибер алдамчылыкка шектелип 24 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу Telegram мессенжериндеги интернет-дүкөн аркылуу кийим буюртма кылып, QR-код аркылуу Оптима Банкка 355 миң 295 сом которгон. Ал алданганын билгенде милицияга кайрылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары мурда тоноо жана уурулук боюнча соттолгон жаран колго түшүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан