
Чүй облусунун Токмок шаарында ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 19-майда облустук милициядан билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, 5-майда чыккан жаңжалдын негизинде Т.Д. аттуу жабырлануучуга оор жаракат келтирилген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө 2008-жылы туулган А.В. аттуу жаран кармалган. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.