Курман айт быйыл Кыргызстанда 27-майда, шаршемби күнү белгиленет.
Курман айт – ислам дининдеги эң башкы майрамдардын бири. Ал ыйык Орозо айы бүткөндөн 70 күн өткөндөн кийин майрамдалат. Бул күнү айт намазы окулат жана курмандыкка мал союлат.

- Курмандыкка кайсы малды сойсо болот?
- Курман айт күнү курмандыкка төө, бука, уй, топоз, кочкор, кой, теке, эчки сойсо болот. Бул аталып кеткен малдан бөлөк эч кандай малдын түрү курмандыкка жарабайт.
Майда мал (кой, эчки) курмандыкка бир адамдын атынан гана союлат. Кара малды курмандыкка, бир адамдын атынан да, бир нече адамдын атынан да союуга болот. Мисалга бир нече киши чогулуп, бир уйду курмандыкка союу ниети менен сатып алууга уруксат.
Бир уйду курмандыкка жети адам сойсо болот, сегиз адам болсо, курмандык кабыл кылынбайт. Ар бир адамдын курмандыкка союлган малдагы үлүшү жетиден бирден кем болбоого тийиш, эгер андан аз болуп калса, мындай курмандык жараксыз болуп калат.

- Курмандыкка союла турган малдын жашы канча болушу керек?
- Төөнүн жашы беш жаштан, бука, уй, топоздун жашы эки жаштан, кочкордун, койдун, теке, эчкинин жашы бир жаштан кем болбоого тийиш. Бирок алты айлык козунун көрүнүшү чоң болуп, бир жаштан кем эмес көрүнсө, анда курмандыкка жарайт. Бул козуга гана тиешелүү.
- Курмандыкка союлган малдын этин эмне кылуу керек?
- Курмандыкка союлган малдын этин толук өзүнө калтырууга же бардыгын таратып жиберүүгө да болот. Бирок этти үчкө бөлүп, бир бөлүгүн өзүнө, экинчи бөлүгүн кедей, муктаждарга үчүнчү бөлүгүн конок чакырып, аларга бышырып берүү мустахаб (ред.: жагымдуу, жакшы иш-аракеттерге карата айтылат) болуп эсептелет.
Курмандыкка союлган малдын этин сатууга болбойт.
Этти мусулмандарга да, мусулман эместерге да берүүгө болот.
- Курмандыкка союлган малдын терисин эмне кылуу керек?
- Эгерде кимдир-бирөө курмандык малын өзү соё албай турган болсо жана мал союга адам жалдаган болсо, курмандыкка союлган малдын териси, эти сойгон акы катары берилбейт. Ал эми кимдир-бирөө мал сойгон адамга малдын терисин берип койгон болсо, теринин наркын акчалай колунда жок адамдарга берип коюу керек.
Курмандыкка союлган малдын терисин жардамга муктаж адамдарга берип же терини сатып, аларга акчасын берип койсо болот. Ошондой эле пайдаланууга өзүнө калтырып же кимдир-бирөөгө белек кылса да болот. Эгерде терини саткан болсо, анда акчасы колунда жок адамга гана берилет.
- Курмандыкка кандай мал жарайт?
- Курмандык чалуу ибадат болгондуктан, курмандыкка чалынуучу мал эттүү, эч кандай майыптыгы жок болууга тийиш. Төмөндө курмандыкка чалынуучу малдын курмандык кылууга жарай турган жана жарабай турган айыптары көрсөтүлөт:
- Курмандык кылуу убактысы
- Курмандык чалуу айт намазынан кийин жасалат. Кимдир-бирөө айт намазына чейин союп алса, ал курмандык деп эсептелбейт, жөн эле союлган мал болуп калат. Ал адам кайрадан курмандыкка мал союш керек.