Президент Садыр Жапаров ички иштер органдарынын бир катар кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, алар өлкөдөгү резонанс жараткан оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачууга кошкон олуттуу салымы үчүн сыйланышты.
"Эрдик" ордени менен:
- Акунбеков Таалайбек Акунбекович – Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын полковниги;
- Алагозов Эркин Жумакадырович – Ички иштер министрлигинин Тез чара көрүүчү атайын отрядынын 4-бөлүмүнүн ыкчам өкүл-жоокери, милициянын подполковниги;
- Алсеитов Самат Жусупович – Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын алтынчы башкармалыгынын башчысынын орун басары, IT-технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштардын бетин ачуу бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги;
- Жыргалбеков Аскар Жыргалбекович – Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын майору;
"Ардак" медалы менен:
- Ашырбаев Өмүрбек Кубанычбекович – Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын маалыматтык технологиялар башкармалыгынын маалыматтык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору;
- Мамырова Дамира Сагыновна – Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги;
- Турганбаев Асылбек Жумабаевич – Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын подполковниги.