
Стратегиялык Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолу убактылуу ачылат. Бул тууралуу 19-майда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, унаа жолу июнь айынан ноябрь айына чейин ачык болот.
Учурда мезгилдик каттамды ачууга карата даярдык иштери жана коопсуздукту камсыздоо үчүн кошумча иштер жүрүп жатат.
Министрлик айдоочуларды ылдамдыкты ашырбоого, эрежелерди так сактоого чакырат.