Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргыз дипломатиясынын тарыхында биринчи жолу Мозамбикке жана Намибияга расмий сапарлар менен барат. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, иш сапар 19-22-май күндөрү Африка өлкөлөрү менен эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле саясий диалогду өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында болмокчу.
Бул сапарлардын жүрүшүндө эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү менен жолугушуулар пландалган, анын алкагында тараптар кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашат. Ошондой эле эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.