Бүгүн, 19-майда Бишкекке Кытайдын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун баштаган делегация расмий сапар менен келди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бул сапардын алкагында өлкөнүн ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Кытайдын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, коомдук коопсуздук министри Ван Сяохундун эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган.
Ошондой эле, тараптар укук коргоо тармагындагы Кыргыз-Кытай кызматташтыгынын маселелерин, мекемелер аралык мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.