Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы июнда Бишкекте эки оюн өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалым болгондой, “Үч улуттун кубогу” эл аралык турниринин алкагында улуттук команда 3-июнда Кения менен, 9-июнда Палестина менен беттешет.
Бул мелдештер 2027-жылы өтө турган Азия кубогуна карата даярдыктын негизги баскычтарынын бири катары каралууда.