Курман айт майрамына байланыштуу 27-майда калкты тейлөө борборлору иштебейт. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, 28-майдан тарта калкты тейлөө борборлору штаттык режимде ишин улантат.
"Кызмат" мамлекеттик ишканасы мамлекеттик кызматтарды алуу керек болгон жарандарга "Түндүк" мобилдик тиркемесин колдонууну сунуштайт. Анда электрондук кезекке туруу, ID-карта жана жалпы жарандык паспорт тариздөө, электрондук кол тамга алуу, жашаган жери боюнча онлайн-каттоо, аты-жөнүн өзгөртүү, маалымкат жана башка кызматтар жеткиликтүү.