Биз социалдык тармакта

Адилет Орозбеков Кытайдын коомдук коопсуздук министри менен жолугушту

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 19-майда Кытайдын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун менен жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз-кытай мамлекеттер аралык кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана коопсуздук тармагындагы эл аралык кырдаал талкууланды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактык жана эл аралык коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле заманбап чакырыктар менен коркунучтарга каршы биргелешкен аракеттер боюнча пикир алышты.

Адилет Орозбеков кытай тарапка 2026-жылдын 14-майында Бишкек шаарында кыргыз тараптын төрагалыгы алдында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйынынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле ал Кыргызстан эл аралык коопсуздукту камсыз кылуу жана актуалдуу коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга жоопкерчиликтүү мамиле жасай турганын өзгөчө белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан