Кечээ, 19-майда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “КТМУнун ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуусу” аттуу пресс-жыйын болуп өттү. Анда окуу жайдын 30 жыл ичинде жасаган ишмердүүлүгү, студенттерге багытталган долбоорлору, аймактык өнөктөштүк жана эл аралык аренадагы ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилди.
Иш-чараны университеттин ректору Алпаслан Жейлан ачты.
"Учурда “Манас” университети Кыргызстандын жогорку билим берүү системинин эл аралык деңгээлде таанымалдыгын жогорулаткан мекемелердин бири болуп саналат. Акыркы 5 жыл ичинде университет QS World Rankings рейтингинде дүйнөнүн алдыңкы 1000 жогорку окуу жайынын катарынан орун алып келет”,- деп билдирди ректор.
Ошондой эле, заманбап доордун талаптарына жооп берүү максатында “Жасалма интеллект жана маалымат инженериясы” менен “Киберкоопсуздук аналитикасы жана операторлору” программаларын жаңы окуу жылынан баштап киргизиле турганын белгиледи.
Мындан тышкары, өлкөнүн аймактарынан келген студент кыздар үчүн кошумча 1000 орундуу жатакана курула турганын кошумчалады.
Андан соң медиа өкүлдөрүн университеттин инженерия тармагындагы окутуулары, жетишкендиктери менен тааныштырды. Мында факультеттин стартап долбоорлору, лабораториялары жана студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берилди.
Кийинчерээк университеттин ветеринар доктору Исхак Рустамбекович ветеринария факультети менен тааныштырды. Анын айтымында, бул факультеттин лабораториясы Орто Азия боюнча университтердин арасынан эң алдыңкы орунда турат. Мында күн сайын 6-7 операция болот. Мындан тышкары, азыркы учурда Кыргызстанда популярдуу болуп жаткан арашан породасындагы койлорго алгачкылардан болуп операция жасалган.
Иш-чаранын жүрүшүндө медиа өкүлдөрүнө “Манас” телеканалынын директору Гюлент Намал медианын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.
Соңунда Ататүрктү эскерүү жаштар жана спорт майрамына арналган концерттик программа менен аяктады.