Биз социалдык тармакта

Ош шаарынын башкы планы боюнча алгачкы жыйын өттү

Кечээ, 19-майда Ош шаардык мэриясынын имаратында Ош шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын талкуулоо боюнча алгачкы жыйын өттү.
Мэриядан билдиришкендей, жыйынга мэрдин орун басары Шумкарбек Пайзиев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, Курулуш министрлигинин өкүлдөрү, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
"Комиссиянын отурумунда комиссия түзүү боюнча чечим кабыл алынып, Ош шаардык мэриясы менен Курулуш министрлигинин ортосунда ар тараптуу колдоо боюнча келишим түзүлдү. Ошондой эле буга чейинки башкы планга карата келип түшкөн сунуш-пикирлерди кароо да талкууланды. Башкы план боюнча кийинки отурум июнь айында болот",- деп белгиленди маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан