Биз социалдык тармакта

Ак-Буура дарыясында заманбап гидрологиялык станция ишке кирди 

Кечээ, 19-майда Ош облусунун Озгур айылында Ак-Буура дарыясынын гидрологиялык абалын көзөмөлдөөчү заманбап автоматташтырылган станциянын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул станция сел, суу ташкыны жана башка табигый коркунучтарды алдын ала аныктап, дарыянын деңгээли тууралуу маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берип турат. Бул өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, ыкчам чара көрүүгө жана калктын коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзөт.
Иш-чарага ӨКМдин өкүлдөрү, ПРООНдун өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.
Белгиленгендей, буга чейин Барпы, Майдан, Жаңы-Ноокат жана Орозбеков айылдарында орнотулган.
Ак-Буура дарыясында заманбап гидрологиялык станция ишке кирди 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан