
Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айыл өкмөтүндө түнкү саат 02:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун көлөмү көп болгондуктан, аталган аймактагы көпүрөнүн бир таянычын агызып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабыркаган адамдар катталган эмес.
Министрлик бөлүшкөн видеодо көпүрөнүн бир тарабы урап, анда жеңил унаанын асылып калганын көрүүгө болот.