
“Мамлекеттик лотерея компаниясы” мамлекеттик ишканасы “КЫРГЫЗЛОТО” бренди алдында Кыргызстанда el loto онлайн-лотереялык платформасын ишке киргизди. Лотереянын жаңы форматы тууралуу кеңири маалымат алуу үчүн SUPER.KG порталы КЫРГЫЗЛОТОнун директорунун орун басары Жоро Абралиев менен маек курду.
- Саламатсызбы! Алгач лотореяга кызыгуусу артып жаткандарга толук тушүнүктүү болуш үчүн жалпы түшундүрмө бере кетсеңиз. el loto деген эмне?
el loto - бул www.elloto.kg сайты аркылуу жеткиликтүү лотереялык онлайн-платформа. Ага каалаган электрондук түзмөктөн кирип, жаңы форматтагы лотереялык оюндарга катышууга болот.
Биздин негизги максатыбыз - мыйзам талаптарына жооп берген, ошондой эле коопсуздукту камсыздоо аркылуу, заманбап стандарттардын негиздеген платформаны түзүү болду. Лотереяга катышууну мүмкүн болушунча жөнөкөй жана баарына жеткиликтүү кылууну кааладык. Ошондуктан платформа кыргыз жана орус тилдеринде иштейт. Ар бир колдонуучу өзү үчүн ыңгайлуу тилди тандай алат.
Брендди иштеп чыгууда долбоордун маңызын жана баалуулуктарын чагылдырган аталышты тандоо маанилүү болду. Негиз катары кыргыздын жалпы баалуулуктарга байланыштуу “эл” деген сөзү алынды. Ал эми “лото” (лотерея) баарыбыз таанып билген термин десем жаңылышпайм. Андыктан бул эки сөздүн айкалышы менен “el loto” сөзү уккулуктуу болот деген бүтүмгө келдик.
— Каттоо процесси тууралуу айтып берсеңиз. Негизи татаал деле эмес да?
Албетте, каттоо процесси жөнөкөй жана түшүнүктүү. Ошол эле учурда коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулган, ошондуктан колдонуучуларды текшерүү системасы иштейт.
Катталуу үчүн 5 кадамдан өтүү керек:
1. Алгач телефон номериңизди жазасыз;
2. Андан кийин жеке маалыматтарыңызды чогултууга жана иштетүүгө макулдук бересиз. Бул үчүн тиешелүү төрт бурчтуктарга белги коюу жетиштүү;
3. Андан соң SMS аркылуу келген кодду киргизип, телефон номериңизди тастыктайсыз;
4. Кийинки кадамда документти - паспортту же айдоочулук күбөлүктү жүктөйсүз;
5. Акыркы кадам - селфи-көзөмөлдөн өтүү. Колдонуучу өзүнүн сүрөтүн тартып жүктөйт, ал эми система аны документтеги сүрөт менен салыштырат.
Бул ыкма жашы жете электердин катышуусунун алдын алууга жардам берет. Мындан тышкары, боттордон жана жасалма аккаунттардан коргойт, ыңгайлуулукту сактап, ишеним деңгээлин жогорулатат.

- el loto платформасында катышып, утуш алуу үчүн катталгандан кийин эмне кылуу керек?
Катталгандан кийин балансты толуктоо керек. Бир лотерея билети 3 сомдон башталат. Колдонуучу канча билет сатып аларын жана канча суммага ойноорун өзү тандайт.
Балансты QR-код аркылуу каалаган мобилдик банкинг же электрондук капчык аркылуу толуктоого болот.
Андан кийин оюндарга катышып, утушка ээ болууга мүмкүнчүлүк бар. Азырынча платформада 8 түрдүү лотереялык оюндар бар, келечекте алардын санын дагы көбөйтөбүз деген ишенимде турабыз.
Учурдагы жагдай утуштун жогорку байгеси азыр 1 650 000 сомду түзөт. Бул чоң суммадагы каражат жеңүүчү үчүн бир топ жаңы багыттарды ачууга мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, тираждык лотереяларда ар бир тиражда джекпот каралган. Эгер комбинация дал келбей калса, джекпот кийинки тиражга өтүп, өсө берет. Бул система оюнчуларга чоң утушка ээ болуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат жана ар бир кийинки тиражды кызыктуу кылат.
- Мындай ири суммалар ойнотулуп жаткан шартта, платформанын коопсуздугу канчалык деңгээлде камсыздалган?
el loto платформасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштейт жана лотереялык ишмердүүлүккө коюлган бардык талаптарды сактайт.
Мындан тышкары, el loto дүйнөлүк стандарттар боюнча текшерүү жүргүзгөн алдыңкы Gaming Laboratories International (GLI) лабораториясынын текшерүүсүнөн өтүп, сертификатка ээ болгон. Бул оюн системасы көз карандысыз чет өлкөлүк адистер тарабынан текшерилип, анын адилеттүү жана туура иштей турганы тастыкталганын билдирет. Башкача айтканда, оюн жыйынтыгы алдын ала аныкталбайт, ал эми бардык катышуучулар үчүн шарттар бирдей. Ошондуктан катышуучулар платформаны тынч жана ишеним менен колдоно алышат.

- Баарын билип алган соң долбоордун келечегине токтолсок. Бул жаатта кандай иштер жүрөт?
Биздин негизги максат платформаны жаңы багыт менен өнүктүрүү. Алардын бири жаңы лотереялык оюндарды кошуу. Анткени ар кимдин табити, багыты, кабыл алуусу ар кандай дегендей.
Башкы байгени көбөйтүп, акчалай эмес башка сыйлыктардан дагы кошобуз. Бул аркылуу жарандарга мындан да көп мүмкүнчүлүктөргө жетүүгө шарт түзөт.
Бардык жаңылыктарды www.elloto.kg расмий сайтыбыздан байкап туруңуздар.
Маегиңиз үчүн ыраазычылык! Жеңиш алып келген оюндар көп болсун!