
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору болуп
Уланбек Султанов дайындалды.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Өмүр баяны:
- Адылбек Султанов 1982-жылы, 18-ноябрда туулган;
- 2000-2005-жылдары Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин "Автомобиль жолдору жана аэродромдор" бөлүмүндө байланыш жолдорунун инженери адистиги боюнча окуган;
- 2019-жылы ушул эле окуу жайга “Автомобиль жолдорун, метрополитендерди, аэродромдорду, көпүрөлөрдү жана транспорттук тоннелдерди долбоорлоо жана куруу” адистиги боюнча аспирантурага тапшырган;
- Эмгек жолун 2006-жылы Трнаспорт министрлигинин алдындагы “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо жана изилдөө институтунан баштаган;
- Жол инженери багытында мамлекеттик бир нече квалификациялык сертификаттардын, сыйлыктардын жана грамоталардын ээси.
Султанов 2022-жылдан бери министрликтин алдындагы “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо жана изилдөө институтунун башкы директорунун орун басары кызматын аркалап келген.