Бүгүн, 20-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков аткаруу бийлигин кымбатчылыкты алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүүгө чакырды.
Эл өкүлү дүйнөдө болуп жаткан окуялардан улам күйүүчү майдын баасы кымбаттап жатканын, мунун кесепети азык-түлүктүн наркына да таасир этерин айтты. Ал андыктан өлкө азык-түлүк менен өзүн-өзү камсыздоо деңгээлине чыгышы керек деп эсептейт.
"Күйүүчү майдын баасы 100 сомго жетейин деп калды. Өкмөт башчы азык-түлүктүн баасы көтөрүлөт дегендей айтты. Муну алдын алуучу кандай иштер жүрүп жатат? Бензин биздин өнөктөштөрүбүздөн көз каранды экен. Бирок аткаруу бийлиги бул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, туруктуу абалды түзүү керек", - деди Чойбеков.