Жогорку Кеңештин 20-майдагы жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков ата мекендик өндүрүштү колдоого алууга чакырды. Айтымында, учурда базарларда, дүкөндөрдө жергиликтүү дыйкандар өндүргөн картошканы табуу кыйын болууда.
"Азык-түлүк маселебизди өзүбүз карасак. Себеби азыр базарларга, дүкөндөргө кирсеңер картошканын түрү бар. Коңшу жана алыскы чет өлкөдөн алынып келүүдө. Өзүбүздүн дыйкандар өндүргөн картошканы таппайсың. Башка дагы айыл чарба азыктары жок болуп жатат. Өзүбүздү ата мекендик азыктар менен камсыздай албасак кыйын болот. Бул багытта иш алып баруу зарыл",- деди депутат.