Бүгүн, 20-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бурул Аманова коңшу мамлекетте жасалма жол менен жамгыр жаадыруу демилгеси көтөрүлүп жатканын айтып, өз тынчсыздануусун билдирди.
Ал коңшу өлкө аны ишке ашырса, анда Кыргызстанга терс таасирин тийгизбейби деген суроо койду. Ошондой эле эл өкүлү өлкөдөгү суу тартыштыгын чечүүнүн бир жолун сунуш кылды.