Биз социалдык тармакта

Депутат темир жолго байланыштуу көчүрүлүп жаткандардын маселесин көтөрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Курманалиева өкмөттү Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуп жатканына байланыштуу жеринен көчүрүлө турган жарандарга төлөнүүчү кенемтени кайра кароого чакырды.

Анын айтымында, алардын турак жайлары өтө арзан бааланып жатат. Буга жергиликтүүлөр нааразы.

"Пайдубал куюлган жер 130 миң сомго, чоң үй 400 миң сомго бааланууда. Бул деген аябай төмөн баа. Алар өз ата конушун таштап, башка жакка көчүп жатышат",- деди эл өкүлү парламенттин 20-майдагы жыйынында.

Депутат темир жолго байланыштуу көчүрүлүп жаткандардын маселесин көтөрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан