Биз социалдык тармакта

"Кышында ыш, жайында чаң". Блогер Бишкектеги экологиялык абалды айтып чыкты (видео)

Блогер Ростислав Ященко Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү курган компанияларга жана калаа мэриясына кайрылуу жасады. Тиешелүү видеону блогер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.

Анда ал борбор калаанын тургундары кышында ыштан, жазында чаңдан кыйналып жатышканын айткан.

"Макул, ыштан кутулуу оңой эмес, бирок чаңдан кутулууга болот да. Мен курулуш компанияларына кайрылат элем, үй куруп, акча табыш керек, бирок элди да кичине ойлоп койсоңор. Жок дегенде кирип-чыгып жатканда техникаларды суу менен жууп койсо болот да. Курулуш жүрүп жаткан көчөлөрдүн баары чаң. Элдин баары чаңда жашап жатат",- деген блогер.

Блогер көп кабаттуу үйлөрдү кургандарга кайрылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан