Биз социалдык тармакта

Акыйкатчынын кайрылуусунан кийин кыйноо фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Жеке ишкердин кыйноого кабылганы тууралуу арызынан кийин кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Акыйкатчы институту билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 20-апрелинде жеке ишкер Р.Ч. акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын жеке кабыл алуусуна келип, укугун коргоп берүүнү өтүнгөн.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ага каршы кылмыш ишин козгогон. Ишкер УКМКнын имаратында сурак учурунда тогуз кызматкер тарабынан ур-токмокко кабылып, натыйжада кабыргасы сынганын билдирген.

Р.Ч. коопсуздук органдарынын кызматкерлерине чара көрүү өтүнүчү менен Аскер прокуратурасына кайрылган. Бирок прокуратура соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы жок экенин жүйө келтирип, кылмыш ишин козгоодон баш тартканын айткан.

Ошондой эле ишкер акыйкатчыдан тергөө органдары алып кеткен жеке буюмдарын, анын ичинде автоунаасын жана паспортун кайтарып алууга көмөк көрсөтүүнү суранган.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Конституцияга жана эл аралык нормаларга ылайык, эч ким кыйноого же адамкерчиликсиз мамилеге кабылышы керек эместигин белгилеген. Андан соң Акыйкатчы институту Башкы прокуратурага кайрылып, ишкердин арызы боюнча мурда кабыл алынган чечимди кайра карап чыгууну сунуштаган.

Башкы прокуратура 18-майда Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту - Дене-бойго зомбулук көрсөтүү же аны колдонуу коркунучу менен бийликтен аша чабуу беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Акыйкатчы институтунун алдында Кыйноолордун алдын алуу жана укук коргоо органдары тарабынан адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү борбору иш алып барат. Борбордун байланыш номери: 0554 999 222.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан