"Тамашоу" лигасынын негиздөөчүсү, шоумен, алып баруучу Эрмек Нурбаев АКШда алгачкы "Тамашоу" оюунун өткөрдү. Бул тууралуу видеону ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.
Анда ал алгачкы оюн жакшы маанайда өткөнүн, оюндун соңунда жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылганын билдирди.
"Биринчи оюн сонун өттү. Алга Кыргызстан, алга тамашоу",- деп жазды ал.
Белгилей кетсек, Нурбаев 2018-жылдан бери АКШнын Чикаго шаарында үй-бүлөсү менен жашайт. Ал жакта мекендештер үчүн маданий иш чараларды активдүү уюштуруп келет.