Ош шаардык милициясы токмоктолгонун айтып, президенттен үй сураган 28 жаштагы кыздын окуясы боюнча маалымат таратты.
Маалыматка караганда, курбу кыздар 19-майга караган түнү "Эне-Сай" ресто-барында спирт ичимдигин ичишип, 9 миң сом карыз болуп калышкан. Бирок алар акчаны төлөбөстөн ызы-чуу салышкан. Мындан улам күзөтчүлөр курбуларды бардан чыгарып коюшкан.
Арыздануучу ресто-бардын имаратынын алдындагы жолго жатып алган. Түнкү саат 03:20да ага бир кыз келген. Ал сүйлөп баштаганда жолдо жатканы аны тээп жиберген. Ага жооп кылган кыз (өздүгү тактала элек) арыздануучуну бетке тепкен. Мунун баары баштан-аяк видеобайкоого түшүп калган.
Деген менен 28 жаштагы кыз милицияга күзөтчүлөр урганын айтып кайрылган. Текшерүү иши башталып, арыз ээси жана күбөлөр суракка алынышкан. Кызга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.