Эртең, 21-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу синоптиктер билдиришти.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9... +14, күндүз +23... +28;
- Талас жергесинде түнкүсүн +9... +14, күндүз +21... +26;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13... +18, күндүз +25... +30;
- Нарын аймагында түнкүсүн +5... +10, күндүз +20 .. +25;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6... +11, күндүз +19... +24;
- Бишкекте күндүзү жамгыр жаайт. Абанын табы түнкүсүн +12... +14, күндүз +25... +27 градус болот.