Чүйдүн Кант шаарында жеке жактоочу акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат ал коркутуу жана шантаж жолу менен жарандан ага карата берилген доо арыздарды кайтарып алуу үчүн акча каражаттарын талап кылган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап талап кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.