Оштун Ноокат районунда жайгашкан "Беш-Бурхан" көмүр шахтасы иштетиле баштады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, кендин аянты 317,2 гектарды камтыйт. Анын ичинен 7 гектар жер өндүрүштүк аянтча катары бөлүнгөн. Кендин көмүр запасы 42,225 миллион тоннаны түзөт. Келечекте жылына 900 миң тоннага чейин көмүр казып алуу пландалууда.
"Долбоорду ишке ашырууга байланыштуу бардык чыгымдар инвестор тарабынан каржыланып, баштапкы этапта 25 миллион доллар тартылган. Бул каражаттар шахтанын инфраструктурасын түзүүгө, жер астындагы өндүрүш иштерин жүргүзүүгө жана заманбап техникаларды тартууга багытталган. Долбоор ишке толук кубаттуулукта киргенден кийин жергиликтүү тургундар үчүн 80 жаңы жумуш орду түзүлөт",- деп айтылат маалыматта.