Биз социалдык тармакта

Депутат Баткенди өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражатты көбөйтүүнү суранды

Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев Баткен облусун өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттын суммасын көбөйтүүнү сунуштады. Мындай пикирин эл өкүлү парламенттин 20-майдагы жыйынында айтты.

Айтымында, облусту өнүктүрүүгө жылына 500 миллион сом каралат.

"Бул Баткен, Кадамжай райондорун, Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларын өнүктүрүүгө бөлүнүп жатат. Чек арадагы окуядан жабыркаган Баткен, Лейлек райондоруна бул аз эле сумма болуп калууда. Балким, бул сумманы 1 миллиардга чейин көбөйтүп бересиздер. Ушул маселени карап берсеңиздер",- деди эл өкүлү.

Депутат Баткенди өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражатты көбөйтүүнү суранды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан