Биз социалдык тармакта

Кытайдын делегациясы ИИМдин ишмердүүлүгү менен таанышты (видео)

Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин делегациясы ИИМдин бөлүмдөрүнүн бирине барды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытайдын Мамкеңешинин мүчөсү, коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун баштаган делегация Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында ички иштер министри Улан Ниязбеков менен биргеликте барды.

Анда делегация мүчөлөрү бөлүмдүн ишмердүүлүгү, кызмат өтөө шарттары, кызматтык даярдыкты уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо менен таанышты.

Ошондой эле конокторго кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга, бөлүмдүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган иштер тууралуу маалымат берилди.



Кытайдын делегациясы ИИМдин ишмердүүлүгү менен таанышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан