Биз социалдык тармакта

"21-кылымга туура келбейт". Депутат Караколдогу элдин көйгөйүн айтты

Эл өкүлү Рахат Жунушбаева Жогорку Кеңештин 20-майдагы жыйынында жол курууда аймактагы климаттык шарттарды эске алууга чакырды. Айтымында, кечээ жааган жамгырдан кийин Ак-Суу, Каракол унаа жолун сел каптаган.

"Ак-Суу, Каракол унаа жолун, бир айылдын короо-жайын сел каптап кетти. "Жол салууда мындай жагдайлардын алдын алса болбойт беле? Суу өтө турган арыктарды, лотокторду туура курушса, айылды суу каптабайт эле" деп жергиликтүү эл нааразы болууда",- деди депутат.

Депутат Каракол шаарынын тургундары жаан-чачындан кийин таза суусуз калып жатканын кошумчалады. Айтымында, бул көйгөй бир нече убакыттан бери чечилбей келүүдө.

"Шаардык суу канал" суу топтомосунда топурак көчүп кетти, суу кир келүүдө" деп таза сууну өчүрүп койду. Эң өкүнүчтүүсү - бул маселе бир нече жылдан бери чечилбей, өнөкөт адатка айланып калды. Жамгыр жаап, суу кирген сайын калаадагы сууну өчүрүп коюу 21-кылымга туура келбейт",- деди депутат.

Депутат Караколдогу элдин көйгөйүн айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан