Кечээ, 19-майда Бишкек шаарынын Радищев-Карасаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 14 кабаттуу турак жайдын курулуш объектинен өрт чыккан.
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, бул боюнча тиешелүү кызматкерлер жеринде текшерүү жүргүзүшкөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш объектинде опалубка конструкцияларынын өрттөнүп кеткендиги аныкталды. Өрт ширетүү иштери учурунда чыккан.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Олимп Дружба" ЖЧКсына коопсуздук талаптарын сактабагандыгы үчүн жазуу түрүндө эскертүү берилип, аныкталган бузууларды жоюу милдеттендирилди.
Мындан тышкары, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, курулуш иштери убактылуу токтотулду.