
Саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлегендерге кошумча кызматтарды айкалыштырууга уруксат берилди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, алар 2 ишти 1 жылдык мөөнөткө чейин аркалай алышат. Бирок кошумча иштер коомдук негизде болуп, ал үчүн эмгек акы төлөнбөйт.
Жарлыкта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер президенттин атайын өкүлү, кеңешчиси, жардамчысы, ошондой эле атайын инвестициялык аймактардын жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашырган уюмдардын башкаруу органдарында иштей алышары жазылган.