Компаньон Банкы Кыргызстанда биринчи болуп ишке киргизилген Visa Direct Account & Wallet - эл аралык акча которууларды банктык эсептерге жана санарип капчыктарга жүргүзүүгө мүмкүндүк берген чечим үчүн Visa компаниясынан атайын сыйлык алды.
Сыйлык Борбор Азиядагы Visa өкүлдөрү менен Компаньон Банкынын жолугушуусунун алкагында тапшырылды. Жолугушуу аймактагы эр аралык төлөмдөрдү өнүктүрүү жана санариптик каржы кызматтарын кеңейтүүгө арналган.
«Кыргызстанда Visa Direct Account & Wallet сервисинин ишке кириши эл аралык акча которууларды тезирээк, ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылган заманбап төлөм чечимдеринин өнүгүшүн чагылдырат. Биз өлкөдө мындай кызматтардын киргизилишин колдоого кубанычтабыз», - деп Visa компаниясынын Борбор Азиядагы вице-президенти жана аймактык менеджери Санжар Сулейманов белгиледи.
Visa Direct Account & Wallet сервиси чет өлкөдөгү банктык эсептерге жана санарип капчыктарга эл аралык акча которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Компаньон Банкы бул сервисти Кыргызстанда биринчи болуп ишке киргизди. Азыркы учурда сервис банктын бардык бөлүмдөрүндө жеткиликтүү жана Азия өлкөлөрүн, Жакынкы Чыгышты, АКШны жана башка аймактарды камтыган негизги эл аралык багыттар боюнча иштейт.
«Биз үчүн эл аралык акча которууларды кардарлар үчүн жөнөкөй жана ыңгайлуу кылган чечимдерди киргизүү маанилүү. Visa Direct Account & Wallet бизге эр аралык которуулардын тез жана заманбап сценарийлерин сунуштоого мүмкүнчүлүк берет», — деди Компаньон Банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Бапа уулу.
Сервистин ишке кириши өлкөдөгү трансчек аралык төлөмдөр рыногунун өнүгүүсүндө маанилүү этап болуп, кардарлар үчүн тез жана ыңгайлуу эл аралык акча которууларды жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти. Бүгүнкү күндө эл аралык которуулар күнүмдүк финансылык жашоонун бир бөлүгүнө айланып баратат. Колдонуучулар ашыкча кадамдарсыз жана татаал процедураларсыз, жөнөкөйлүккө, ылдамдыкка жана ачык-айкындуулукка муктаж.
Кыргызстандын экономикасы тышкы рыноктор, соода жана эл аралык эсептешүүлөр менен тыгыз байланышкандыктан, ыңгайлуу жана тез которууларга болгон суроо-талап өсүүдө. Мындай шартта сервистин жеткиликтүүлүгү менен катар анын ылдамдыгы, ачык-айкындуулугу жана колдонууга жеңилдиги өзгөчө мааниге ээ.
Visa Direct Account & Wallet сервиси Кыргызстандагы заманбап трансчек аралык төлөмдөрдү өнүктүрүүдө жана Компаньон Банкынын санариптик кызматтарын кеңейтүүдө маанилүү кадам болуп, кардарларга банктын кадимки кызматтарынын алкагында чет өлкөлөргө тез жана ыңгайлуу акча которууларды жүргүзүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.
Компаньон Банкы Visa тарабынан Кыргызстанда биринчи болуп Visa Direct Account & Wallet сервисин ишке киргизгени үчүн атайын сыйлыкка ээ болду - бул эл аралык акча которууларды банк эсептерине жана санарип капчыктарга жүргүзүүгө мүмкүндүк берген чечим.
Сыйлык Visa компаниясынын Борбор Азиядагы өкүлдөрү менен Компаньон Банкынын жолугушуусунун алкагында тапшырылды. Бул жолугушуу региондо чек ара аралык төлөмдөрдү өнүктүрүүгө жана санариптик каржы кызматтарын кеңейтүүгө арналган.
«Кыргызстанда Visa Direct Account & Wallet сервисинин ишке кириши - эл аралык акча которууларды тезирээк, ыңгайлуураак жана жеткиликтүүрөөк кылган заманбап төлөм чечимдеринин өнүгүшүн чагылдырат. Биз мындай сервистердин өлкөдө ишке ашырылышын колдоого кубанычтабыз», - деп Visa компаниясынын Борбор Азия боюнча вице-президенти жана аймактык менеджери Санжар Сулейманов белгиледи.
Бул сервис чет өлкөгө акча которууларды кадимки банктык кызматтардын алкагында тез жана ыңгайлуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Учурда Visa Direct Account & Wallet Компаньон Банкынын бардык бөлүмдөрүндө жеткиликтүү болуп, Азия өлкөлөрүн, Жакынкы Чыгышты, АКШны жана башка аймактарды камтыйт.
Visa Direct Account & Wallet сервисинин ишке кириши Кыргызстандагы заманбап чек аралык төлөмдөрдүн өнүгүүсүндө жана «Компаньон Банкынын» санариптик кызматтарын кеңейтүүдө маанилүү кадам болуп, кардарларга чет өлкөгө тез жана ыңгайлуу акча которуу мүмкүнчүлүгүн ачты.