
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында, парктык-пляждык зоналарда жана жайыттарда мототранспорттор менен жүрүүгө тыюу салынды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы
Адылбек Касымалиев кол койду.
Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, мындай чечим экосистемалардын сакталышын камсыз кылуу, жаратылыш ландшафттарынын деградацияланышын жана бузулушун болтурбоо, парктык-пляждык зоналарга терс таасирдин тийишине жол бербөө максатында кабыл алынган.
Маалыматта бул чектөө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында экскурсиялык экологиялык маршруттарды, туристтик жолдорду жана токтоочу жайларды уюштурууга тоскоолдук жаратпоо үчүн жасалганы кошумчаланды.