Биз социалдык тармакта

Жаңы "Ош базарына" барчу жолдун курулушу жүрүүдө

Бишкектеги "Манас" аэропорту унаа жолунун 11+800-чакырымында заманбап транспорттук түйүн жана жолдор салынууда.

Бүгүнкү күнгө карата 5800 метр аралыкта жолдун борбордук огун белгилөө иштери толук аяктады.

Объект боюнча жалпысынан 8290 метр аралыкта өсүмдүк катмарын жана кыртышты сыйрып тазалоо жумуштары аткарылды. Ошондой эле жолдун ар кандай тилкелеринде үймөктөрдүн катмарларын төшөө иштери жүрүүдө.

Ал эми дренаж тутумун тартипке келтирүү багытында жолдун оң тарабында 190 метр аралыкта дренаждык катмар үчүн таш төшөө жумуштары аткарылып, учурда котловандар казылууда.

Жеринде жалпысынан 93 даана атайын техника жана 101 жумушчу иштеп жатат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан