Бүгүн, 20-майда Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районунда "Евразия" социалдык дүкөндөр тармагынын алтынчы филиалынын ачылышы болуп өттү.
Ачылыш аземине "Евразия Кыргызстан" аймактык кеңсесинин директору Кымбат Урумкулова, Кыргызстандын пенсионерлер союзунун төрагасы Эсенгул Исаков, Октябрь районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Майрам Мамбетова, "Социалдык дүкөндөр" долбоорунун жетекчиси Антон Арский жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жаңы филиалда кардарлар үчүн кошумча шарттар түзүлүп, коворкинг аймагы, балдар бурчу уюштурулган.
"Жүрөктөн жүрөккө" урааны менен иш алып барган социалдык дүкөндөр элге чыныгы жардам көрсөтүүгө багытталган долбоор болуп саналат. Учурда команда күн сайын товарлардын түрүн көбөйтүп, негизги азык-түлүктөрдүн баасын жеткиликтүү деңгээлде сактоо боюнча иш жүргүзүүдө. Алтынчы социалдык дүкөндүн ачылышы – бул жөн гана тармакты кеңейтүү эмес, өзгөчө колдоого муктаж адамдарга жардам берүү миссиясынын уландысы. Ар бир үй-бүлө азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды адилеттүү жана жеткиликтүү баада сатып алышы үчүн аракет кылабыз", - деп билдирди Кымбат Урумкулова.
Дүкөндөн соода кылуу үчүн социалдык карта алуу керек. Аны тармактагы каалаган дүкөндөн алууга болот. Карта пенсионерлерге, майыптыгы бар адамдарга, көп балалуу жана толук эмес үй-бүлөлөргө, мугалимдерге, студенттерге, медицина кызматкерлерине жана жашы жете элек балдарды тарбиялап жаткан ата-энелерге берилет.
Мындан тышкары тармакта "Социалдык себет" долбоору иштейт. Анын алкагында ай сайын негизги азык-түлүктөр өздүк наркынан төмөн баада сунушталат. Баалардын айырмасын "Евразия" фонду каржылайт.
Кыргызстандын пенсионерлер союзунун төрагасынын айтымында, долбоор боюнча жалпы ушул сыяктуу 50 магазин куруу пландалган. Мунун алкагында өткөн жылы 5 магазин ачылды.
Ачылыш аземине катышкан пенсионер айым Салика Теңизбаева, "Дүйнө жүзүндө кымбатчылык болуп жаткан учурда азык-түлүктөрдү, керектүү буюмдарды арзандатуу менен сунушталганына ыраазымын. Мен башка дүкөндөрдөн кумшекерди 85 сомдон алсам, бул жерден 72 сомго алдым" - деп билдирди.
"Евразия" социалдык дүкөндөрүнүн негизги максаты — социалдык жактан аялуу катмардагы жарандарды колдоо жана аларды күнүмдүк керектелүүчү товарлар менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу.
Учурда Бишкекте "Евразия" социалдык дүкөндөрүнүн алты филиалы төмөнкү даректерде иштейт:
Долбоор "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюму менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык тууралуу меморандумдун негизинде ишке ашырылууда.
Маалымат үчүн: "Евразия" — эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшкөн автономдуу коммерциялык эмес уюм. Ал жеке каражаттардын эсебинен ар түрдүү долбоорлорду ишке ашырат. Уюм билим берүү, медицина, маданият, ыктыярчылык жана кайрымдуулук тармактарында иш алып барып, Евразия элдеринин салттуу баалуулуктарын жана маданий байланышын чыңдоону максат кылат.