Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык фонд, Талас облусунун жетекчилиги жана «Альянс Алтын» компаниясы аймакта гуманитардык долбоорду ишке ашырды.
Облустагы мектептерге көркөм адабияттардын жаңы топтому тапшырылып, өзгөчө балдар үчүн иштеген «Аяржан» реабилитациялык борбору атайын медициналык жана тиричилик жабдуулары менен камсыздалды.
Акция Таластагы «Кырк Чоро» кинотеатрында башталып, анда жергиликтүү мектеп окуучуларына Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин атайын 1000 нуска менен басылып чыккан китептери таратылды.
Иш-чара чоң маданий фестивалга айланып, балдар Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган сүрөттөрүн жана кол өнөрчүлүк эмгектерин көргөзмөгө коюшту. Ошондой эле жазуучунун чыгармаларынан театралдаштырылган чакан көрүнүштөрдү тартуулашты.
Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык фонддун президенти Элдар Айтматов бул долбоордун максаты классикалык адабияттарды Кыргызстандагы мектептерге кайра кайтаруу экенин белгиледи.
«Ак кеме» — адам жан дүйнөсүнүн тазалыгы жана боорукерлик тууралуу повесть. Бекеринен бул чыгарма дүйнөнүн 190 тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө окутулуп келбейт. Балдарыбыз Айтматовдун “Эгер сен китепти ачсаң — китеп сени ачат” деген сөзүн эстеп жүрүшүн каалайм. Көп окугула, дүйнө таанымыңарды кеңейткиле, мугалимдердин эмгегин жана ата-энеңердин камкордугун баалагыла. Өсүп келе жаткан муунга мындай белек тартуулоого жардам берген “Альянс Алтын” командасына чоң ыраазычылык билдирем”, — деди ал.
Талас облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев аймак мындай маданий демилгелерге ар дайым ачык экенин белгиледи.
“Айтматовдун баалуулуктарын мектеп окуучулары арасында жайылтып жаткан “Альянс Алтын” командасына жана фондго ыраазычылык билдирем. Силер жаштарга туура багыт берип, чоң иш жасап жатасыңар. Мындай долбоорлордо мен ар дайым ишенимдүү өнөктөш болом. Биздин аймак тарыхта залкар инсандарга бай болгон. Бүгүн улуу жердешибиздин китебин колуна кармап турган бул балдардын арасынан Кыргызстанды алдыга сүрөй турган жаңы жазуучулар жана ойчулдар чыгарына ишенем”, — деди Жумаев.
Акциянын экинчи этабы Айтматов районуна караштуу Кызыл-Адыр айылында уланды. Ал жерде церебралдык шал оорусу менен ооруган балдар үчүн иштеген «Аяржан» реабилитациялык борборуна функционалдык медициналык керебеттер, профессионалдык массаж кушеткалары, балдардын моторикасын өнүктүрүүгө арналган заманбап тренажёрлор жана оргтехника жеткирилди.
“Учурда биздин борбордо 25 бала тарбияланып жатат жана бизге атайын массаж керебеттери абдан керек болчу. Чынын айтсам, биз өзүбүз “Альянс Алтын” компаниясына кайрылган эмеспиз. Алар биздин муктаждыгыбызды билип, биринчи болуп жардам колун сунушту. Зарыл жабдууларды жана балдарыбызга китептерди берип жатканы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем”, — деди «Аяржан» реабилитациялык борборунун жетекчиси Алтынкүл Суеркулова.
Уюштуруучулар үй-бүлөлөрдү колдоого өзгөчө көңүл бурушту. Акциянын алкагында майыптыгы бар балдарды тарбиялап жаткан энелерге заманбап тигүүчү машиналар тапшырылды. Бул үй шартынан чыга албаган аялдарга чакан иш баштап, өз алдынча киреше табууга мүмкүнчүлүк түзөт. Долбоордун каржылык бөлүгүн толугу менен «Альянс Алтын» компаниясы өз мойнуна алды.
“Биз атайын даректүү жардам көрсөтүүгө басым жасайбыз. Ар бир тигүүчү машина — бул өзгөчө баланын апасы үчүн даяр жумуш орду, ал эми жаңы медициналык кушеткалар — балдардын ден соолугу. Аймактагы бизнес элге, айрыкча үй-бүлөлөргө кыйын болгон жерлерде ишенимдүү материалдык колдоо көрсөтүшү керек", — деп белгиледи компаниянын өкүлү Касиет Карачолокова.