Биз социалдык тармакта

Борбор Азиядагы тынчтыкты даңазалаган көргөзмө БУУда ачылды

БУУнун штаб-квартирасында “Борбор Азия: Тынч чек аралар – орток келечек” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Көргөзмө Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан ортосундагы чек ара маселелеринин тынчтык жолу менен чечилишин чагылдырат. Иш-чара Нью-Йорк шаарындагы БУУнун башкы кеңсесинде өттү.

Көргөзмөнүн ачылышына Кыргыз Республикасынын президентинин атайын өкүлү Эдил Байсалов, Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева, Өзбекстандын БУУдагы өкүлү Улугбек Лапасов жана Тажикстандын БУУдагы өкүлү Жонибек Хикмат катышты.

Экспозицияда 2022-жылы кыргыз-өзбек чек арасынын такталышы, 2025-жылдагы кыргыз-тажик келишими жана үч өлкөнүн чек аралары кесилишкен чекит боюнча үч тараптуу макулдашуу көрсөтүлгөн. Ошондой эле «Түбөлүк достук» декларациясы да камтылган.

Көргөзмө 2026-жылдын 30-майына чейин БУУнун делегаттары, кызматкерлери жана коноктору үчүн ачык болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан