Ош шаарында 2050-жылга чейинки жаңы башкы планды даярдоо боюнча жумушчу жыйын өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан уюштурулган.
Жыйынга Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, шаардык кеңештин төрагасы, архитектура тармагынын адистери жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Талкууда шаардын келечектеги өнүгүү багыттары, жаңы инфраструктураны пландоо, жол тармактарын кеңейтүү, социалдык объекттерди - мектеп, бала бакча, оорукана куруу маселелери каралды. Ошондой эле калктын өсүшү, экологиялык коопсуздук жана жашыл аймактарды сактоо сыяктуу маанилүү аспекттерге өзгөчө көңүл бурулду.
Адистер учурда шаар аймагын комплекстүү изилдеп, талдоо иштерин жүргүзүп жатышат. Жаңы башкы план Ошту системалуу өнүктүрүүгө, инфраструктураны жакшыртууга жана инвестициялык жагымдуулугун арттырууга багытталары белгиленди.