Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылындагы “Палм Бич” эс алуу жайынын жээгинде көлдү мыйзамсыз торлордон тазалоо иштери учурунда күтүүсүз табылга аныкталды.
Маалыматка ылайык, 20-май күнү туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери жүргүзгөн рейд маалында көлдүн болжол менен 18 метр тереңдигинде белгисиз темир конструкция бар экени белгилүү болгон.
Тереңдиктен улам аны өз алдынча чыгаруу мүмкүн болбогондуктан, ишке суучул-активист тартылган. Андан соң экологиялык милициянын кайгуул катери жана оор техника колдонулуп, көл түбүндөгү темир конструкция ийгиликтүү чыгарылды.
Учурда конструкциянын келип чыгышы жана көлгө кантип түшкөнү такталууда. Тиешелүү кызматтар тарабынан иликтөө иштери улантылууда.
Экологиялык милиция Ысык-Көлдүн тазалыгын сактоо жана мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу боюнча көзөмөл иштери үзгүлтүксүз жүрөрүн билдирди.