Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда Тажикстандын маданият күндөрү өтүүдө

Кыргызстанда 22-майга чейин Тажикстандын маданият күндөрү өтүүдө. Анын алкагында кечээ, 20-майда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Тажикстандын маданият министри Матлубахон Амонзода менен жолугушту.

Президенттик администрация билдиргендей, тараптар жолугушуунун жүрүшүндө 2025-жылы Дүйшөмбү шаарында Кыргызстандын маданият күндөрүнүн ийгиликтүү ишке ашырылышы, Тажикстан маданият күндөрүн өтүшү жөнүндө сүйлөшүштү.

Ошондой эле алдыда боло турган эл аралык иш-чараларга, анын ичинде Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын юбилейлик саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өзгөчө көңүл бурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан