
Сауд Арабиясы Кыргызстанга 48 тонна 720 килограмм курманы гуманитардык жардам катары тапшырды. Бул тууралуу Эмгек министрлиги маалымдайт.
Иш-чарага министрликтин жетекчилиги, Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчиси Ияд бин Гази Хаким, ошондой эле падыша Салмандын гуманитардык жардам жана колдоо борборунун өкүлдөрү катышты.
Гуманитардык жардам карылар үйлөрүнө, балдар үйлөрүнө, ошондой эле райондук социалдык коргоо башкармалыктары аркылуу социалдык жактан аялуу жарандарга жана үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт.