Жолдо каршы тилкеге чыгып, жол кыймылынын башка катышуучуларына кооптуу абал жараткан айдоочуга чара көрүлдү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эреже бузган Honda Fit үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу аныкталып, ага 15 миң сом өлчөмүндө айып салынды.
Мекеме жол кыймылынын бардык катышуучуларын жол эрежелерин так сактоого жана башка жарандардын өмүрүнө коркунуч жаратпоого чакырат.