Биз социалдык тармакта

Муфтий баштаган диний ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктар берилди

Өлкөдөгү бир катар диний ишмерлер мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланышты. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тишелүү тескемеге мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койду. Алар республиканын руханий потенциалын өнүктүрүүгө, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатын ишке ашырууга кошкон олуттуу салымы үчүн, ошондой эле Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин 30 жылдыгына байланыштуу сыйланышты.

"Даңк" ордени менен Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз Закиров жана Аалымдар кеңешинин төрагасы Замир Ракиев сыйланды.

Ал эми "Ардак" медалы менен сыйлангандар:

  • Бишкек шаарындагы "Көлмө медресе" диний окуу жайынын директору Ырысбай Ахунбаев;
  • Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев;
  • Жусуп Баласагын атындагы Ислам Диний Уюмунун негиздөөчүсү Жээнбек Таштанов;
  • Бишкектеги "Абдуллах ибну Масъуд атындагы медресе" мекемесинин мугалими Сражидин Туяков.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан