
23-майдан тартып жол эрежелерин бузуу боюнча токтомдор “Түндүк” тиркемеси аркылуу электрондук түрдө жөнөтүлөт. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, токтомдор мурдагыдай эле кагаз түрүндө жөнөтүлөт. Ошону менен катар алар “Түндүк” мобилдик тиркемеси жана мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу да жеткиликтүү болот.
“Түндүк” тиркемеси аркылуу токтом менен таанышкан учурда “Тааныштым” же “Таанышкан жокмун” деген баскычтардын бирин басат. Бул учурда систем документтин окулган күнүн жана убактысын автоматтык түрдө каттайт. Мындан тышкары, тиркеме аркылуу айып пулдарды онлайн төлөө мүмкүнчүлүгү каралган.
Эгерде жаран 30 календардык күндүн ичинде токтом менен электрондук түрдө таанышпаса, документ почта аркылуу жөнөтүлөт. Мыйзамда белгиленген мөөнөттө төлөнгөн учурда жеңилдик автоматтык түрдө колдонулат.