Биз социалдык тармакта

Бишкекте окуучуну сабаган мугалимге карата кызматтык иликтөө башталды

Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейде окуучуну сабаган мугалимге карата кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, башталгыч кесиптик билим берүү системине тиешелүү түзүмдөр тарабынан аталган фактыны ар тараптуу жана объективдүү иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча окуяга юридикалык жана педагогикалык баа берилип, зарыл болгон тартиптик чаралар көрүлөт.
Мындан тышкары, окуучулардын укуктарын коргоону күчөтүү, зомбулукка жол бербөө жана педагогикалык этиканын нормаларын сактоо боюнча кесиптик лицейдин педагогикалык жамаатына түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан