Биз социалдык тармакта

БУУ Кыргызстандын демилгеси менен чек арага байланыштуу резолюция кабыл алды

20-майда Кыргызстандын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы "Чек ара талаштарын тынчтык жолу менен чечүү" аттуу резолюцияны кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, резолюция Кыргызстан тарабынан Тажикстан жана Өзбекстан менен биргеликте сунушталган. Мекеме резолюциянын негизги максаты - сезимтал маселелерди тынчтык жолдору аркылуу БУУнун уставына жана эл аралык укукка ылайык чечүү жөндөмүн көрсөтүү экенин белгиледи. Мамлекеттер чек ара талаштарына туш болгондо, алдыга карай жол тынчтыкка, мыйзамдуулукка жана диалогго негизделиши керек.

"Резолюцияда белгиленген Борбордук Азиянын жетишкендиктери бүткүл эл аралык коомчулук үчүн конструктивдүү үлгү болуп, коңшулаш мамлекеттер ортосундагы жакшы мамиленин модели жана аймак өлкөлөрүнүн эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого кошкон салымы катары кызмат кылат.

Резолюциянын кабыл алынышы Кыргызстан жана аймак өлкөлөрүнүн ондогон жылдар бою чечилбей келген курч маселелерди тынчтык жолу менен жөнгө салууга жөндөмдүү экендигинин дагы бир тастыгы жана эл аралык деңгээлде таанылышы болду. Дүйнөлүк коомчулук Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймактагы тынчтыкты жана өз ара ишенимди бекемдөөгө болгон умтулуусун бир добуштан белгиледи",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан