Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада байгелүү болушту

Тайванда 20-ирет Азия-Тынч океан эл аралык информатика олимпиадасында кыргызстандык окуучулар байгелүү орундарды алышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, олимпиадага дүйнөнүн 36 өлкөсүнөн 890го жакын окуучу катышкан. Өлкө атынан 26 окуучу онлайн видеокөзөмөл форматында ат салышкан. Жыйынтыгында кыргызстандык окуучулар 1 коло медаль жана 5 Ардак грамотага ээ болушкан.
Коло байгени "Сейтек STEM" мектебинин 10-классынын окуучусу Али Арапов багындырса, Ардак громаталарга "Сейтек STEM" мектебинин окуучулары Рамзан Мананов, Саид Жаникеев жана Алихан Айдарбеков, "Акылман" лицейинин окуучусу Аруубек Баймырзаев жана Нарын лицейинин окуучусу Адилхан Кадыров татыган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан