Курулуш министрлиги билдиргендей, Таласта курулушка уруксат берүүчү документтери жок объекттер аныкталды.
Маалыматка ылайык, “Элим” конок үйү жана “Майрам апа” дүкөнү документтери жок курулуп, иштетилип жаткан.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган объекттерге аныкталган мыйзам бузууларды жоюу тууралуу эскертүү берилген. Ээлерине айып пул салынып, административдик чаралар көрүлдү. Ошондой эле кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.